«Шансым болсо коймокмун». Текебаев президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди

Өмүрбек Текебаев

«Ата-Мекен» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев 30-октябрда «Жалбырак ТВга» маек куруп, президенттик шайлоого катышпасын маалымдады. Ошондой эле, ал кайрадан парламенттик шайлоонун кийинкиге жылдырлышы боюнча пикирин билдирди.

Ал президенттик шайлоого катышпасын «өз баамында реалдуу шансы жоктугу менен» байланыштырды.

«Мен чамасы талапкерликке койбойм. Эгер шансым болсо коймокмун. “Жөн эле катышып, көзгө көрүнүп коёюн” дегендей жаш саясатчы эмесмин. Балким бул менин акыркы мүмкүнчүлүгүм. Шанс болбосо жөн эле коюу мен үчүн туура эмес», — деди Текебаев.

Текебаев Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодон утуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин кошумчалады.

«Азыр эл колдоп турат. [...] Элдин күтүүсү абдан чоң. Алар кереметти күтүп жатышат. Келип эле оңдоп салат деп. Тилекке каршы оңдолбойт, анткени коом өзүбүз оңолбосок бир киши келип эле чечип койбойт. Ийгилик каалайм, бирок абдан кыйын болот», — деди ал.

Ошондой эле, ал кайрадан парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров суранганын белгиледи. Ал бул кадам «Жапаровдун президенттик шайлоодогу аброюна залал келбеши үчүн болгон» дейт.

«Мисалы парламенттик шайлоодон “Мекенчил” утуп чыкса, эл “булар өздөрүнүн бийлигин колдонду, баарын эле булар алып алабы, мурунку бийликтен айырмасы кандай?” деп чыгышса, президенттик шайлоодогу фаворитке залакасы тийип калышы да мүмкүн», — деди ал.

«Парламент кыйын кездеги жалгыз легитимдештирчү орган»

Мындан сырткары, ал учурда убактылуу бийликтегилердин арасында «бийлик бир колдо болуш керек» деген көз караш бар экенин айтып, бирок өлкөдө бул мүмкүн эместигин, бийлик «өлкөнүн тарыхында болуп өткөндөрдөн сабак алышы керектигин» эскертти.

«Акылдуу бирөөнүн катасынан үйрөнөт, акылсыз өзүнүн катасынан үйрөнөт. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин “кетсем дагы кетпей башкарам” деген тагдыры бул нерсе мүмкүн эместигин көрсөттү. Ал эми Жээнбеков өзүнүн үч партиясы аркылуу көпчүлүктү алып келип, элдин пикири менен эсептешпей, зордук-зомбулук менен башкара берем деген ниети ушундай толкундоолорго алып келди», — деди ал.

Текебаев учурда «парламенттин мөөнөтү бүтсө да иштеп жатканы Конституцияга каршы келет дегендер бар экенин» айтып, аларга «парламент кыйын кездеги жалгыз легитимдештирчү орган» деп жооп берди.

«20-декабрда болуп өткөн шайлоо жыйынтык берет деп ким кепилдик бере алат? Октябрдагыдай болуп эле жаңжал менен бүтсө эмне кылабыз? “Кой-ай” дей турган президент, парламент болбосо кийинки бийликти кантип биз легитимдештиребиз?» — деп суроо салды ал.

Ал эгер парламент азыр жок болсо, «эл тандаган президент да, парламент да жок болоорун кошумчалады».

Борбордук шайлоо комиссиясы кайра парламенттик шайлоону 20-декабрга, ал эми президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган.

Бирок президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 23-октябрда парламентке кайрадан шайлоо өткөрүү күнү жылдырылып, июнга чейин анык болоору жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Мындан улам БШК сотко кайрылып, бирок 20-декабрга пландалган кайрадан парламенттик шайлоону жылдыруу чечимине протест жасай алган жок.

Жапаров алгач өлкө башчысы тандалып алынгандан кийин конституциялык реформа жүргүзүлөрүн айткан. Бирок ага чейин референдум өткөрүп, президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоону сунуштаган. Ал эми шайлоонун кийинкиге жылдырылышын — «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим экенин билдирген.

Жапаров өзү да президенттик шайлоого катышарын айткан.