«Түндүкэлектрдин» кызматкерлери жаңы жетекчиге каршы болуп митингге чыгышты

Сүрөт: Алмир Алмамбетов

«Түндүкэлектрдин» кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышууда.

Чогулгандар компаниянын буга чейин кызматтан алынган жетекчиси Доскул Бекмурзаевди ордуна кайтарууну талап кылышууда. Бекмурзаев 28-октябрда кызматтан бошотулган. Анын ордуна Улан Астаркулов дайындалган.

Митингге чыккандар жаңы жетекчи менен иштеше албай турганын айтышууда. Себеби, анын дайындалашын жамаат кабыл албайт.

Митингчилер Бекмурзаевдин дайындалганын эки ай боло электигин жана бул убакыт ичинде ал кызматкерлердин бир топ көйгөйлөрүн чечип бергенин белгилешти. Ошондой эле, Бекмурзаев өзү кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын, анын арызын жасалмалап коюшту деп шектенип жатканын айтышууда. Аны менен катар кызматтан эмнеге алынганы дагы жамаатка так түшүндүрүлүп берилген эмес.

«Бизге эмне үчүн кызматтан кеткенин айтышкан жок. Ал эми жаңы дайындалган Улан Астаркуловду кечээ жамаатка алып келип тааныштырышты. Бирок аны биз кабыл алган жокпуз», — деди ал.

Митингге чыккандар алардын талаптары аткарылмайынча эч жакка кетпей, тарабай турганын айтышууда.

Ал ортодо чогулгандарга өкмөттөн өкүл чыгып жолугуп, Бекмурзаевдин кызматтан алынышын атайын комиссия иликтей турганын айтты. Анын курамына компаниянын дагы кызматкерлери кирет деп ишендирди. Митингчилер комиссия түзүүгө макул болду. Анткен менен алар өз талабынан кайтпай турганын айтышты.

Учурда алар дагы деле өкмөт үйүнүн алдында чогулуп турушат. Качан гана талаптар аткарылса тарап кетүүнү убадалашты.