Акыркы сутка ичинде Баткен облусунда коронавируска чалдыккан үч бейтап кайтыш болду.
Мындан тышкары, коронавирус инфекциясы 484 адамда тастыкталды. Вирус жуктуруунун жаңы учурларынын көбү Бишкекте катталды — 123 адам. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда 110 адамда, Ош облусунда 43, Ош шаарында 32, Баткен облусунда 66, Чүй облусунда 50, Ысык-Көл облусунда 37, Талас облусунда 18 адамда инфекция аныкталды.
Жаңы учурлардын эң аз саны Нарын облусунда катталды — 5 адам.
Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутка ичинде 461 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылганын кабарлады: Жалал-Абад облусунда 90, Бишкекте 84, Баткен облусунда 76, Ош облусунда 69, Ош шаарында 45, Чүйдө 48, Ысык-Көлдө 29, Таласта 12 жана Нарын облусунда 8 бейтап айыкты.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпысынан 58 878 адам ооруга чалдыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасына караганда, жалпысынан коронавируска кабылган 1 145 бейтап каза болгон. Бирок, бул статистикадан коронавирустан тышкары коштоочу оорулары бар болгон 400 бейтаптын өлүм учуру алынган.