Өлкөдө COVID-19дун жаңы 565 учуру катталып, 426 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов, «Клооп» үчүн.

Республикалык штаб 1-ноябрда коронавирустун жаңы 565 учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Жалал-Абад облусу — 133;

Бишкек шаары — 119;

Жалал-Абад облусу — 91;

Ош облусу — 86;

Баткен облусу — 79 ;

Чүй облусу — 69;

Ысык-Көл — 40;

Талас облусу — 19;

Ош шаары — 17;

Нарын облусу — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 59 443кө жетти.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 20 504. Ал эми Жалал-Абадда — 7 169, Ош облусунда — 6 664, Чүй облусунда — 6 647, Баткенде —5 552, Ысык-Көлдө — 4 654, Ош шаарында — 4 524, Нарын облусунда — 1 856 жана Талас облусунда — 1 826 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 426 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 81. Ош облусунан — 77, Жалал-Абад облусунан — 66, Баткен облусунан — 62, Ош шаарынан — 52, Чүй облусунан — 50, Ысык-Көл облусунан — 26, Талас облусунан — 9, Нарын облусунан — 3 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 50 409 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 386 бейтап, ал эми амбулатордук түрдө 3 905 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 150 адамдын өмүрүн алды.