«Документтер жоголгон». ЖК кызматкерлердин маянасы эмнеге кечеңдеп атканын айтты

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Ак үй басылып алынгандан кийин документтер жоголуп, компьютерлер уурдалгандыктан улам парламенттин кызматкерлеринин маяналары кечеңдеп жатканын кабарлады. Билдирүүдө 5-октябрдагы окуялардан кийин бухгалтериянын иши оорлогону айтылат.

«Учурда документтерди калыбына келтирүү менен эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет», — деп кабарлады басма сөз кызмат.

Мурдараак депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш менен Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлерине эмгек акы төлөнбөй жатканын билдирген.

«Мейли, депутаттар маянасыз калыптыр. Жок дегенде Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыктын кызматкерлерине төлөнсө болмок. Тилекке каршы, баары тең айлык албай калышты, бирок берилет деп үмүт кылам», — деп айткан Бекешев.

Жогорку Кеңештин имараты 6-октябрга караган түнү басылып алынган.

Анда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө миңдеген жарандар чогулуп, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышкан. Бирок наарызылык акциясы укук коргоо орган кызматкерлери менен митингчилердин ортосундагы кагылышка өткөн.

Күч түзүмдөрү желим ок менен атып, катуу үн чыгаруучу гранаталарды ыргытышкан. Митингчилер парламенттин имаратын көздөй бет алып, аны басып алышкан.

Басып алуунун натыйжасында көпчүлүк документтер, анын ичинде парламенттин мыйзам долбоорлор базасы жок кылынган.

Мындан тышкары, митингдин катышуучулары депутаттардын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кабинеттериндеги техникалар менен айнек-терезелерди сындырып, эшиктерди жана эмеректерди талкалашкан. Эл өкүлдөрүнүн жыйындар залы дагы талкаланган.