Адвокат: 10 жаштагы жээнин зордуктады делген киши кыздын энесин «арызыңды ал» деп коркутуп жатат

Жактоочу Мухайё Абдураупова фейсбук барагында 10 жаштагы жээнин зордуктоого шектелген адам ТИЗОдон кыздын апасын коркуткан билдирүүлөрдү жөнөтүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, 4-ноябрда Ош шаардык сотунда зордуктоо боюнча сот отуруму өтүп, анда айыпталуучу жасаган ишине өкүнбөрүн билдирген. Абдураупова соттон айыпталуучуга өмүрү өткүчө эркинен ажыратуу өкүм чыгарууну суранды, ал эми прокурор 15 жылга эркинен ажарытууну өтүндү.

«Айыпталуучу жээни менен жөн гана тамашалап, ойноп жатканын айткан», — дейт ал.

Абдураупованын айтымында, учурда зордуктоого айыпталган адам тергөө абагында отурат, бирок кыздын апасын коркутуп, эгер ал арызын албаса, аларды өлтүрөм деген билдирүүлөрдү жөнөтүп жатат.

Башкы прокуратуранын 2019-жылга карата маалыматына таянсак, акыркы беш жыл ичинде, жаш балдарга карата зомбулук 2014-жылы 143 учур болсо, 2018-жылы 187ге көбөйгөн.

Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.

Юрист Нургазы Абдувалиевдин айтымында, дээрлик балдарга карата жасалган зомбулуктун 80 пайызы жаап жашырылып, күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылбай калат.

ТЕМА БОЮНЧА: «Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт