Кыргызстанда коронавирустун жаңы 495 учуру катталды — анын 150сү Бишкек шаарында

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Республикалык штаб 4-ноябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 495 учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 150;

Жалал-Абад облусу — 89;

Чүй облусу — 78;

Ош облусу — 52;

Баткен облусу — 44;

Ысык-Көл облусу — 37;

Талас облусу — 23;

Ош шаары — 17;

Нарын облусу — 5.

Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 527 бейтап айыгып, төрт адам көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталды — 130 жана 100. Ошондой эле Бишкек шаарында — 70, Ош облусунда — 66, Чүй облусунда — 65, Ош шаарында — 47, Ысык-Көл облусунда — 33, Талас облусунда тогуз жана Нарын облусунда жети бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 60 774кө жетти. Анын ичинен 51 815 бейтап айыгып, 1 163 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 437 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 117 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 771 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.