Чыгым тартышты. Экономика министрлиги чакан жана орто бизнести колдогусу келет

Кыргызстандын Экономика министрлигинде 4-ноябрда чакан жана орто бизнести колдоо, анын ичинде пандемияда жабыркаган экономиканын секторлорун реабилитациялоо маселелери талкууланган жумушчу кеңешме өттү.

Чакан жана орто бизнес пандемияда чыгымга учурап, кызматкерлерге айлык төлөп берүү мүмкүн болбой калгандыктан жумуш орундары кыскартылганы кабарланууда.

«Аялуу топтордун арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо чакан бизнес ээлеринин көпчүлүгү пандемия учурунда берилген мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабардар эмес экендигин көрсөттү. Сурамжылоонун маалыматына ылайык, ар бир үчүнчү үй чарбалыгы банктагы карыздарын тейлөөгө байланыштуу чыгымга учураган. 3-5 адам иштеген компаниялар ар бир экинчи учурда жумуш орундарын кыскартышкан», — деп билдиришти ведомстводон.

Экономика министри Санжар Муканбетов билдиргендей, ведомство чакан жана орто ишкерликтерге колдоо көрсөтүшү керек. Ал үчүн министр инвестиция жана гранттарды тартып, өнөктөштүк мамилерди өнүктүрүп, экспортту жолго салууну сунуштады.

«Экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунуштайм. Көптөгөн компаниялар баа жана сапат боюнча атаандаштыктан өтө албай жатышат. Көбүнесе жеңилүүлөр ишкерлердин жана алардын кызматкерлеринин потенциалы төмөн болуп атканы менен байланыштуу», — деди Муканбектов.

Пандемия жана өлкөдөгү экономикалык абалдын оорлошу

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда экономикалык абал оорлогон.

Орто жана чакан өндүрүш ээлери айлык маяна төлөй албагандыктан жумушчуларын таркатып жатканын айтышууда. Ага карабай алар ижара акысын жана салыктарды төлөп келишет.

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 23-октябрдагы жыйында коронавирус пандемиясынын шартында алсызданган экономиканы калыбына келтирүү үчүн бизнес-секторду коргоп, колдоо көрсөтүү керек деп билдирди. Муну менен катар ал экономикага олуттуу зыян келтирген өлкөдөгү саясий абалды жөнгө салуу зарылчылыгын белгилеп өттү.

«Бизнестин жана инвесторлордун солгундай түшкөн ишенимин мыйзамдын үстөмдүгүнө ишеним жаралганда, анын тандалма эместигине, бизнестин укуктары бузулбай корголгондо, мыйзам алдында бардыгы бирдей жоопкерчилик тарта баштаганда, ар бир аракет, анын ичинде коррупцияны жоюуга багытталган аракеттер ачык-айкын болгондо кайтарса болот», — деп билдирди ал.