«Канга боёлуп калган». Сулайман-Тоодон сөөгү табылган кыздын ким экени аныктала элек

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоодо 4-ноябрда 20 жаштын тегерегиндеги кыздын сөөгү табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда ал өз жанын кыйган.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» табылган кыздын ким экени аныкталбай жатканын билдирди. Мындан улам ал «кыз шаардын тургуну эмес, башка жактан келген болушу мүмкүн» дейт.

«Факт “өлүктү табуу” болуп катталган. Сүрөтүн берейин десек аябай эле канга боёлуп калыптыр, учурда ким экени тактала элек», — деди ал.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери уланып жатат.