Коронавирус 535 кишиде аныкталып, 528 бейтап илдеттен айыкты

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустун 535 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб 5-ноябрда билдирди.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 151;

Чүй облусу — 104;

Ош облусу — 75;

Жалал-Абад облусу — 67;

Баткен облусу — 48;

Ысык-Көл облусу — 43;

Ош шаары — 21;

Талас облусу — 20;

Нарын облусу — 6.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 61 309га жетти. Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 528 бейтап айыгып, төрт киши каза болду.

Коронавирустан айыккандардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 160;

Ош облусу — 96;

Баткен облусу — 83;

Жалал-Абад облусу — 71;

Ош шаары — 39;

Чүй облусу — 34;

Ысык-Көл облусу — 26;

Талас облусу — 14;

Нарын облусу — 5.

Ушуну менен коронавирустан айыккандарын саны 52 343тү түзүп, 1 167 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 430 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 124 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 746 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.