«Кыргыз жылуулук энерго» Умбеталиевдин кармалышы тууралуу

«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун басары Айбек Жоронов 5-ноябрда парламент депутаттарынын жыйынында камакка алынган энергетик Расул Умбеталиевдин кызыкчылыгын эки депутат сүрөп жүргөнүн билдирди. Анын айтымында, алар Үмбөталы Кыдыралиев жана Экмат Байбакпаев.

«Биз [“Кыргыз жылуулун энерго”] Умбеталиевдин тендердик комиссиянын курамына кирбешине аракет кылганбыз, бирок ал баары бир бул депутаттарды өтүнмөсү боюнча комиссиянын мүчөсү болду», — деди Жоронов.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев энергетика кызматкерине чындыгында эле көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөлүгүнө кирүү боюнча өтүнүч кат бергендигин, бирок бул иш 3 жыл мурда болгонун белгиледи.

«Мен Күйүүчү май-энергетика комплекси боюнча комитеттин мүчөсү болом, бизге мындай суроо менен көп кайрылышат. Ага өтүнмөнү мурда эле бергенбиз, бул жылы биз ага эч нерсе берген эмеспиз», — деди депутат.

Умбеталиевди кармоо

Расул Умбеталиев — коомдук ишмер жана энергетика тармагы боюнча эксперт. Ал «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын филиалына көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын да мүчөсү болуп эсептелет.

Умбеталиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан 4-ноябрда кармалган. Ведомствонун маалыматы боюнча, ал чоң көлөмдөгү көмүр сатып алуу тендеринде утуш үчүн ишкерден сыйакы катары 500 миң сом талап кылган.

Учурда Умбеталиев УКМКнын ТИЗОсунда, тергөө жүрүп жатат.