Кышкыга даярдык, коронавирустун жаңы толкуну. Парламенттин жыйынында эмнелер талкууланды?

Депутаттардын кезектеги жыйынынын күн тартибинде өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иштерин гана талкуулоо болгон. Бул парламенттин сайтында да жазылган. Кийинчерээк коронавирус, ошондой эле жакында эле көтөрүлүп чыккан мыйзам долбоорлору да талкууланары белгилүү болду.

Коронавирус боюнча маселени эл өкүлдөрү салыштырмалуу көңүл коюп угуп, ал тургай суроо бергендери да болду. Мисалы, Тазабек Икрамов каза болгондор боюнча статистика айтылбай жатканы тууралуу маселени козгоду. Вице-премьер Элвира Сурабалдиева, патологоанатомдор тиешелүү документтерди өз учурунда тапшырбаганынан улам бул көрүнүш болуп жатканын айтты.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министри оорунун туу чокусу жакында — болжолдуу 20-ноябрда күтүлүп жатканын жана ал декабрга чейин уланаарын, балким январга да созулушу мүмкүн экендигин билдирди. Медиктер жетишсиз. Ооруга чалдыккан медиктерге төлөмдөр берилип жатат.

Андан соң министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдык боюнча отчёт берди. Бул тема депутаттарга кызыксыз экени дароо байкалды— көпчүлүгү жыйындар залынан чыгып жөнөштү. Бирок «баары даяр, баары жакшыдан» башка да кызыктуу нерселер айтылган болчу. Мисалы, жакында камакка алынган энергетик Расул Умбеталиевди тендердик комиссияга депутаттар Үмбөталы Кыдыралиев менен Экмат Байбакпаев алып келгендиги айтылган.

Жыйын башталганга чейин эле депутат Кубанычбек Жумалиев кызыктуу билдирүү жасап, финполдун өз билемдигине, бизнести жабуудагы бюррократияга жана анын каттоого алынган 34 компаниясынын тогузу гана иштеп жатканын айтып даттанган.

Ал эми күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорун талкуулоочу убак келгенде журналисттерди чыгарып коюшту. Депутаттар кайсыл мыйзамды кандайча жактырарын көрүүгө мүмкүн болгон жок.