Кытай Кыргызстандын жүктөрү үчүн чек араны кандай шартта ачарын билдирди

Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз ишкерлери менен жолугушууда Кытай жүк ташуу үчүн чек аралардын толук кандуу ачылышына ишеним артууга боло турган шарттарды койгонун билдирди.

Буга чейин расмий Бишкек Пекинге «Торугарт» өткөрмө пунктунда кирүү агымын көбөйтүү жана кеминде 9:00дөн 18:00гө чейин тынымсыз иштетүү өтүнүчүн жолдогон.

«Өз кезегинде кытай тарап өз талаптарын билдиришти, тактап айтканда автотранспорт каражаттарынын жана чиркегичтеринин санитардык-техникалык абалын сактоо, бузулган эски унаалардын жүк ташууларына жол бербөө, жүктөлгөн чиркегичтерди алмаштырууда унаа каражаттарынын техникалык параметрлеринин дал келишин эске алуу, жана Кыргызстандагы кытай компанияларынын коопсуздугун камсыздоо», — деп билдиришти бажы кызматынан.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Кадыржан Семетеевдин айтымында, Кытай менен сүйлөшүүлөр 6-ноябрда уланат.

Буга чейин Кыргызстандын базарлар ассоциациясы товар жүктөлгөн фуралар чек арада топтолуп, жай өтүп жаткандыктан республиканын ишкерлери, айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнөн тартып соодагерлерге чейин ири чыгым тартып жатканын билдирген.

Ал эми «Дордой» базарынын соодагерлери 2-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, бийликтен Кытайдан келген товарды киргизүү маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылган. Анткени алардын көпчүлүгү банкротко учуроо алдында турат.