Садыр Жапаров: Матраимов ноябрдын аягына чейин 2 млрд сом төлөп берет

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Region телеканалына курган маегинде Райымбек Матраимов ноябрдын аягына чейин өлкөнүн бюджетине 2 млрд сом төгүп берет деп билдирди.

Жапаров иш саясий мүнөзгө ээ болгонуна байланыштуу Матраимов кармалгандан кийин УКМКнын кызматкерлери аны менен байланышышкан.

«Кеңешип, “макул, төксүн” деген саясий чечимге келдик. [Матраимов] 2 млрд сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болду. Анан үй камагына чыгардык. Кармалган күнү эле 80 млн төгүп берген, андан кийин азыр күнүгө төгүп жатат», — деп айтып берди Жапаров.

Жапаров кошумчалагандай, иликтөөнүнүн жүрүшүндө Матраимовдун башка мүлктөрү тууралуу белгилүү болуп, ал да текшерилмекчи.

«Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты жана экс-бажычы Райымбек Матраимовду УКМКнын кызматкерлери 20-октябрда коррупцияга шектеп кармашкан.

Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту эч жакка кетпөө тил катынын негизинде аны бошоткон. Анткени Матраимов тергөө менен кызматташууга, анын ичинде мамлекетке келтирген чыгымдын эсебинен 2 млрд сом төлөп берүүгө макулдугун берген.