УКМК: Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулду

Камчы Асанбек (Көлбаев)

Кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) №47 колонияга которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматына ылайык, Көлбаев №47 колонияга «ден соолугуна байланыштуу» которулган.

«Азыркы учурда УКМК “кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу” фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда. Буга байланыштуу жарандардан К.Асанбектин жакын арада бошотулушу тууралуу такталбаган маалыматты таратпоого чакырабыз», — деп берилет атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Криминалдык төбөл Камчы Көлбаев 22-октябрь күнү «Авангард» спортклубунда кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев УКМКнын тергөө изоляторуна «тергөө аяктаганга чейин» киргизилген.

Көлбаев криминалдык дүйнөдө «Коля-киргиз» каймана аты менен таанымал. Ал 2008-жылы «таажыланып», «мыйзамдагы ууру» наамына ээ болгон — бул кримчөйрөдө эң жогорку статус болуп эсептелет. Көлбаевди «таажылаган» криминалдык төбөлдөрдүн арасында дүйнөдө белгилүү болгон Аслан Усоян («Дед Хасан») жана Вячеслав Иваньков («Япончик») да болушкан.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы Көлбаевди «Опуза талап» кылганы үчүн үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал 2014-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

2018-жылы жайында Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө боюнча борбордун (OCCRP) иликтөөчү журналистттери Көлбаевдин Дубайдагы батирин табышкан. Алардын маалыматы боюнча, кримтөбөл Dubai Marina районунда Bahar 1 көчөсүндө мүлк сатып алган — ал жактагы мүлктөрдүн баалары 400 миң доллардан 700 миң доллларга чейин жетет.