Акыркы суткада коронавирустун жаңы 439 учуру катталды — анын 166сы Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 6-ноябрда коронавирустун жаңы 439 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 166;

Жалал-Абад облусу — 52;

Баткен облусу — 52;

Чүй облусу — 55;

Ысык-Көл — 45;

Ош облусу — 24;

Ош шаары — 17;

Талас облусу — 17;

Нарын облусу — 11.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 61 748ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 21 171. Ал эми Чүй облусунда — 6 961, Ош облусунда — 6875, Жалал-Абадда — 7624, Ысык-Көлдө — 4855, Ош шаарында — 4 620, Баткенде — 5 844, Нарын облусунда — 1 893 жана Талас облусунда — 1 905 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 512 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 118, Ош облусунан — 77, Жалал-Абад облусунан — 108, Ош шаарынан — 33, Баткен облусунан — 86, Чүй облусунан — 57, Ысык-Көл облусунан — 23, Нарын облусунан — 2, Талас облусунан — 8 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 52 855 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 478 бейтап, ал эми үй шартында 3 615 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 1170 адамдын өмүрүн алды.

Мындан сырткары акыркы суткада ПЧР изилдөөлөрдүн саны 3 376ны түздү. Ал эми жалпы изилдөөнүн саны — 436 940.

Ошондой эле, акыркы суткада Ош шаарынан бир медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада эки медик айыкты жана үй шартында тогуз медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 635ке жетти, анын ичинен 3 398 медкызматкер илдеттен айыкты.