Мамытов: Ак үй толугу менен ЖКнын балансына өттү. Имарат эл өкүлдөрүнүн айлыгына оңдолот

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов президент мындан ары башка имаратта иштей турганын, ал эми маянадан баш тарткан депутаттардын каражатына Ак үйдө оңдоп-түздөө иштери жүрөрүн билдирди.

«Кечээ Садыр Нургожоевич менен сүйлөштүк, ал башка имаратта иштей тургандыгын айтты. Ошентип, Ак үй толугу менен Жогорку Кеңештин балансына өттү», — деди Мамытов.

Учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Өкмөт үйүндө иштеп жатат.

Мамытов парламенттин депутаттары андан мурда маяналарынан баш тартканын, бул акча Ак үйдүн ремонтуна жумшалаарын билдирди.

«Бул маселе чечилип жатат, депутаттар өздөрү демилгелешип, эмгек акы алуудан баш тартышты. Бул каражаттар маселени чечүүгө жана талкаланган эшик, терезелерди калыбына келтирүүгө жардам берет», — деди спикер.

Ошондой эле Мамытов биринчи кезекте Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдолуп-түзөлөрүн билдирди — депутаттар иштөөгө бир аз шарт түзүлгөндөн кийин иштеп башташат. Андан сырткары, оңдоп-түздөөгө көмөк көрсөтүүнү каалаган меценаттар менен катардагы жарандар дагы бар экени маалымдалды.

«Маселени өз күчүбүз менен, бюджеттеги каражатты колдонбой чечүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз», — деди ал.

Кайсыл бир демөөрчүлөр Ак үйдү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүнү сунуш кылганы тууралуу Талант Мамытов буга чейин да бир нече жолу айткан. Бирок кайсыл демөөрчүлөр жана өз эрки менен жардам кылгысы келген кандай компаниялар экенин ачыктаган эмес.