Орусияда эмгек мигранттардын саны 22,5%га азайды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. Сүрөт: «Азаттык»

Сентябрдын аягында Орусиядагы эмгек мигранттардын саны 1,8 млн кишини түздү. Ал эми өткөн жылы болсо мигранттардын саны 2,3 млн киши болчу — бул 22,5%га көбүрөөк. Бул тууралуу «Известия» басылмасы Орусиянын ИИМине таянып жазды.

«Бардык категориядагы чет өлкөлүк жумушчалырдын саны кыскарды. Алардын арасында патент менен иштегендер: 2020-жылы 1 376 100 (2019-жылдын 30-сентябрында 1 744 100 — 21,1%га азайды). Иштөөгө уруксат берген кагаздар дээрлик 30 %га азайды — 85,7 миң, өткөн жылы 121,8 миң болгон», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдөн келген жумушчулардын саны 26%га азайды. 30-сентябрга карата алардын саны 333 миң адамды түзгөн, 2019-жылы — 450 миң киши болгон.

*Бул статистикага жумушка уруксат алган же расмий түрдө эмгек келишимин түзгөн мигранттар кирген.

«Көбүнчөсү Орусиянын эмгек рыногунда Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Армения, Украина, Азербайжан, Казакстан, Кытай, Молдова, Беларусь, Вьетнам жана Түркиянын жарандары көрсөтүлгөн», — деп берилет Орусиянын ИИМинин билдирүүсүндө.

Миграция мамлекеттик кызматынын статистикасына ылайык, 2018-жылы Орусияда 640 миң кыргызстандык бар. Расмий эмес маалыматтар боюнча кыргызтандыктардын саны 1 млнго чукулдап калган.

Орусиянын өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу мигранттар эмгектенген чөйрөлөрдүн ишмердүүлүгүнө бир катар чектөөлөрдү киргизген. Мындан улам көптөгөн эмгек мигранттар жумушсуз калып, үйлөрүнө кайтууга аргасыз болушкан.