Акыркы суткада коронавирустун жаңы 556 учуру катталды — анын 160ы Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 7-ноябрда коронавирустун жаңы 556 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 160;

Жалал-Абад облусу — 91;

Баткен облусу — 50;

Чүй облусу — 95;

Ысык-Көл — 40;

Ош облусу — 54;

Ош шаары — 42;

Талас облусу — 17;

Нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 62 304кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 21 331. Ал эми Чүй облусунда — 7 056, Ош облусунда — 6 929, Жалал-Абадда — 7 715, Ысык-Көлдө — 4 895, Ош шаарында — 4 662, Баткенде — 5 894, Нарын облусунда — 1 900 жана Талас облусунда — 1 922 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 551 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 143, Ош облусунан — 95, Жалал-Абад облусунан — 83, Ош шаарынан — 20, Баткен облусунан — 72, Чүй облусунан — 75, Ысык-Көл облусунан — 42, Нарын облусунан — 12, Талас облусунан — 9 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 53 406 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 445 бейтап, ал эми үй шартында 3 645 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 172 адамдын өмүрүн алды.

Ошондой эле, акыркы суткада өлкө боюнча беш медкызматкерден коронавирус аныкталды. Баткен жана Ош облустарынан — бирден жана Ысык-Көл облусунан — үч медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада жети медик айыкты жана үй шартында беш медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 640ка жетти, анын ичинен 3 410 медкызматкер илдеттен айыкты.