Балдарын мектепке жөнөтүүгө каршы болгон ата-энелер өздөрү окутат — Билим берүү министрлиги

Билим берүү министрлигинин Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова «Ала-Тоо 24» телеканалынын эфиринде балдарын мектепке жөнөткүсү келбеген ата-энелер, өздөрү окутушат деп билдирди.

«Эгерде балдары мектепке баруусуна караманча каршы болсо, ата-эне менен мектептин ортосунда келишим түзүлөт. Келишимде эки тараптын милдеттери толук жазылат. Мында, баланын билим алуусу үчүн ата-энелер жооптуу болот», — дейт Кусеинова.

Анын айтымында, мугалим берген тапшырманы окуучу ата-энеси менен бирге аткарып, кайрадан мугалимдерге жөнөтөт. Окутуучу өз кезегинде, жумасына бир нече жолу байланышка чыгат.

Кусеинованын айтымында, реалдуу окуу режимине кайтуу зарыл

«Мектеп жана бала бакчадан башка мекемелер иштеп жатат. Балдар достору менен жолугуп, сүйлөшүп, сейилдеп жүрүшөт. Негизинен ата-энелер жумушта болгондуктан, көпчүлүк балдар каралбай калууда. Окуучулар мектепке келе баштаса, жок дегенде мугалимдер тарбиялык, класстык саттарды өткөрүп, ден соолук мүнөтүнүн алкагында сантирадык нормаларды сактоону, беткапты туура кийүүнү үйрөтүп, колдорун тез-тез жууп турууга шарт түзүп бермек », — дейт адис.

Мектептер 2020-жылдын март айынан тартып, бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда коронавирус пандемиясы күч алганда аралыктан окутуу режимине өткөн. Жазында билим берүү министрлиги мектеп окуучуларына арналган атайын программа иштеп чыккан. Бирок, аталган окутуу ыкмасы бир топ кемчиликтерди ачыктаган.

Ата-энелер ведомство иштеп чыккан окутуу материалы окуучуларга түшүнүксүз, окуу программасы жайгашкан сайт жана мобилдик колдонмо начар, кээде таптакыр иштебейт деп нааразы болгон. Аймактардагы абал мындан да начар болгон. Тийиштүү гаджет жана интернет жоктугунан, мектеп окуучулары билим алуу укугунан куру калган.

Көйгөйлөргө карабай аралыктан окутуу жаңы окуу жылынын биринчи чейрегине чейин уланды. Анткени өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон кармалып турган.