Садыр Жапаров кайрадан Нарын облусуна сапар алды

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кызматка дайындалгандан бери экинчи жолу Нарын облусуна иш сапары менен жөнөп кетти. Бул ирет Жогорку-Нарын каскад ГЭСинин иши менен таанышуу, күч түзүмдөрү үчүн курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылышына катышуу жана нарындыктар менен жолугуу пландалган.

Жапаров буга чейин 25-октябрда Нарын облусуна келип, Мантыш айылындагы социалдык айылдын курулушунун пайдубалына капсула салган. Бул Жапаровдун премьер-министрликке дайындалгандан кийинки алгачкы расмий иш сапары болгон. Дал ушул визит учурунда президентикке ат салыша турганын дагы жарыялаган.

Бийликте турган бир ай аралыгында, Жапаров Нарындан сырткары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдырган. Ар бир облустта Жапаров жергиликтүү эл менен массалык жолугушууларды өткөрүп, ага жүздөгөн адамдар келген.

Жапаровдун Ош шаарындагы жолугушуусуна мугалимдер менен театр кызматкерлери аларды мэрия чакырганын айтып чыгышкан.

Расмий сүрөттөрдө жолугушуу учурунда санитардык нормалар сакталбаганын көрүүгө болот. Бирок Жапаровдун басма сөз кызматы эл арасындагы иш-чараларды өткөрүүдө санитардык-гигиеналык эрежелер толугу менен сакталды деп маалымдашкан.

Парламенттин жаңы шайланган төрагасы жана Жапаровдун үзөңгүлөшү Талант Мамытов 4-октябрда, массалык жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, адамдар өз каалоосу менен жолугушууга келгенин билдирди.

Ал эми саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстандагы коронавирус илдетин жуктуруунун жаңы толкуну өлкөдөгү саясий окуялар менен түздөн-түз байланыштуу деп айтууда – митингдер, парламенттик шайлоо өнөктүгүндөгү үгүт иштери.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президентикке талапкер болуу үчүн Жапаров өлкө башчысы жана премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши керек. Жапаровдун аймактарды кыдыруусу расмий эмес шайлоо үгүтү сыяктанат.

Президентикке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жарышы 15-декабрда башталат. 9-ноябрга карата БШКга президентикке талапкер катары катталууга 9 адам арыз берген.