Жалал-Абадда иштеп жаткан атракционду сүзүп алган өспүрүм каза болду

Жалал-Абад шаарындагы «Токтогул» атындагы паркында 13 жаштагы өспүрүм аттракционду сүзүп алып, каза болду. Облустук милициядан маалымдагандай, «Молоток» аттуу аттракцион иштеп жатканда маркум жанынан өтүп бараткан. Ал алган жаракаттарынан көз жумган. Окуя 6-ноябрда орун алган.

Ошондой эле, милициядан аталган аттракциондун айланасы коопсуздук тосмолору менен тосулбагандыгын белгилешти. Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу» беренеси менен катталып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин мындан үч жыл мурун Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы паркта тегеретме кулап кетип, сегиз киши жабыркаган. Ош ШИИБи «Техникалык каражаттарды колдонуу эрежесин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.