Бишкектен машина уурдаган өспүрүмдөр Жалал-Абаддан кармалды

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында төрт унааны айдап качкан эки шектүүнү кармады. Маалыматка ылайык, шектүүлөр — жашы жете элек өспүрүмдөр.

Алгач 6-ноябрь күнү Биринчи май РИИБге 44 жаштагы жабырлануучу кайрылып, белгисиз адамдар анын «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын айдап качканын маалымдаган. Кийинчерээк милицияга унаасынан ажыраган дагы үч жабырлануучу кайрылган — алардын да «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалары айдап качылган.

Натыйжада унааларды айдап качууга шектелгендер Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынан колго түшкөн. Шектүүлөр уурдалган унаа менен Ош шаарына барып, аны сатууну көздөшкөн.

«Таш-Көмүр шаарынан Жалал-Абад ОИИБдин ЖККБнын инспекторлору менен Таш-Көмүр ШИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү автоунааны токтотушуп, Ош облусунун тургундары С.А. менен А.Р. кармалган. Экөө тең жашы жете элек өспүрүмдөр болушат. Биринчиси тоноо үчүн соттолгон [...] Кармалгандар айдап качып кетишкен автоунаалардын айрымдарын жол кырсыгына учуратып, талкалашып, таштап кетип жүрүшкөн. Автоунаалардын ичинен буюмдарды дагы уурдап кетишкендиги белгилүү», — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Учурда милиция «Автотранспорт каражаттарын айдай качуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.