Кыргызстанда COVID-19дан үч киши көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 10-ноябрда коронавирусту жуктуруп алган үч бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын экөө Бишкек шаарында, дагы бир бейтап Ош облусунда катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 185ке жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМ 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 5-ноябрда коронавирустан каза болгон 28 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөнүн маалымдаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 63 960 учуру катталды. Ооругандардын 54 774ү илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.