Абитуриенттерди ЖРТ жок кабыл алган МУКтагы коррупциялык схема. «ПолитКлиниканын» иликтөөсү

Кыргызстандын эл аралык университети (МУК) жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтпөгөн же босого баллдан өтпөгөн абитуриенттерди коррупциялык схема аркылуу окууга кабыл алган. Бул тууралуу «ПолитКлиника» басылмасы иликтөө жарыялады.

6 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан бул схема чет өлкөлүк ЖОЖдор аркылуу иштейт.

«1-курска чет элдик окуу жайга кабыл алып туруп, 2-курстан МУКка которуп алышат. Чет элдик ЖОЖ деген аты гана болбосо, окуу МУКтун имаратында өтүп, МУКтун мугалимдери сабак беришет», — деп жазат «ПолитКлиника».

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда абитуриенттер ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Өкмөттүн Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө токтомуна ылайык, жогорку окуу жайлардын 2019-2020-окуу жылындагы гранттык жана контракттык орундарга тапшыруу үчүн ЖРТнын упайы төмөнкү көрсөтүлгөн сандан ылдый болбошу керек: жалпы тесттен кеминде 110, кошумча сабактардан 60 упай.

Эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясынын студенти

Басылма мамлекеттик ЖОЖго өтүү үчүн ЖРТдан жетиштүү балл албай калган студент кыздын айткандарын далил катары келтирген.

Кыздын айтымында, МУКтун мугалимдери ага 1-курсту Алматы шаарындагы Эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясы (КазАТиСО) аттуу окуу жайга тапшырып, ошондо окуп туруу керектигин, 2-курстан МУКка өзүлөрү которуп алышарын убадалашкан.

40 миң сом контракты МУКтун бухгалтериясына төлөгөндөн кийин КазАТиСОнун студенти Казакстанда эмес, МУКтун Чүй — Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта окуй баштаган. Ал 1-курсту аяктагандан кийин МУКтун 2-курсуна которулган.

«Студент кантип которулганын өзү деле билбей калган. Жазган дептерлериндеги окуу жайдын аты өзгөрүлгөнү болбосо, сабактын баары мурдагы эле калыбында өтүлө берген», – деп жазат «ПолитКлиника».

Студенттин айтымында, Казак академиясында кыркка жакын студент окуган. Алардын баары кийин МУКка которулуп, 3 жыл окуган соң диплом алышкан.

Далил катары МУКтун студенти өзүнүн студенттик билетин, окууга төлөгөндүгү тууралуу квитанция, дипломун жана практика өткөндөгү күндөлүгүн көрсөткөн.

Эл аралык университеттин дагы бир студенти ЖРТдан жетишерлик балл ала албай калганын, бирок тааныштарынан МУКка аларсыз тапшырса болорун укканын айткан. Ал аталган университетке өтүш үчүн окутуучулардын бирине бир жарым миң доллар төлөгөн.

«Ар кайсы тааныш ар кандай акча алат окшойт. Окуу жайга өткөндөн кийин окууга өтүү үчүн акчаны көп берип койгонубузду билдим», — деген ал «ПолитКлиника» басылмасына.

«Эң башкысы — бул контракт»

Эки күбөдөн кийин «ПолитКлиниканын» журналисттери коррупциялык схеманы өздөрү текшерип көрүүнү чечкен.

«Мугалимдер бизге ЖРТдан босого упайга жетпей калган абитуриенттерди “Казак Эмгек Академиясы” жана “Бургас Эркин Университети” аркылуу кабыл алуу болорун айтып беришти» , — деп кабарлайт басылма.

Университеттин өкүлүнүн айтымында, ЖОЖ студенттерди чынында эле казак университетинин 1-курсуна кабыл алып, бир жылдан кийин автоматтык түрдө Кыргызстандын эл аралык университетине (МУК) которот. Ал МУК «абитуриенттерди 9 жылдан бери ЖРТсыз кабыл алып келе жатканын» белгиледи. «ПолитКлиниканын» редакциясы журналисттин ЖОЖдун өкүлү менен телефондук сүйлөшүүсүн жарыялады.


А МУКтун дипломун алабызбы?

— 2-курста которулгандан кийин кадимкидей МУКту аяктап, МУКтун мамлекеттик дипломун алат.

— Тапшырчу кишибиз айылда болуп жатат. Тестти кандай тапшырса болот?

— 25 миң сом контракт берсеңер эле жардам беребиз. Ал абитуриентти башка ЖОЖдор кабыл албайт. Биз үчүн эң негизгиси 25 миң сом контракт даяр болсо эле жетиштүү.

— Контракты дароо төлөш керекпи?

— Ооба, контракт даяр болсо жардам беребиз. Тест тапшырбаса деле контракт төлөсө баарын жасатып коём.


Бургас эркин университетинин кабыл алуу бөлүмүнүн өкүлү ЖРТнын жыйынтыгы жок болсо, контракт 65 миң сомду түзөрүн билдирди.

«Алар 1-2-курста Болгариянын университетинин студенти болушат. 1-курстан 4-курска чейин бул жакта эле окушат. 3-курста автоматтык түрдө МУКка которулуп, 3-4-курста официалдуу түрдө Кыргызстандын студенти болот. Башкача айтканда, баштапкы эки жылда Кыргызстандын студенттеринин базасынан аты-жөнү чыкпайт», — деп айтып берген ал.

Ал өзү да «бул программа боюнча окуп жатканын» жана учурда 3-курска өтүп жатканын айтып берди.

«ПолитКлиниканын» маалыматы боюнча, буга чейинки абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыгы жок Казак эмгек жана социалдык мамилелер академиясы аркылуу алып келген болсо, жакында эле бул схемага Болгариянын Бургас Эркин университети дагы кошулган.

«Бул университеттин Казак Эмгек академиясынан айырмасы төрт жыл бою 65 миң сом контракт төлөйсүң. Факультеттеринен эч кандай айырмачылык жок. Булар 2-курстан кийин Кыргызстан Эл аралык университетине которуп алышат. Окууну аяктаганда Кыргызстан Эл аралык университетинин дипломун алып чыгышат», — деп түшүндүрөт басылма.

Билим берүү министрлигинен эмне дешти?

Билим берүү министрлигинин электрондук маалыматтык базасына ылайык, лицензияланган билим берүү мекемелердин тизмесинде 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Казакстан эмгек академия» жана «Бургас эркин университети» сыяктуу окуу жайлар катталган эмес.

Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова ЖРТнын босого баллынан төмөн балл алган, же тест тапшырбаган абитуриент эч бир окуу жайга кабыл алынбай тургандыгын айтат.

«Өзгөчө быйыл онлайн системанын негизинде кабыл алынды. Эгер абитуриенттин ЖРТдан алган упайы босого упайдан аз болсо, анда эч бир университет ал абитуриентти окуу жайга кабыл алганга укугу жок», — деди ал.

Ведомстводон билдиришкендей, жогорку окуу жайлардын студенттерин которуу жайкы жана кышкы каникул маалында «студенттин жеке арызы боюнча, студенттин которуу аттестациясынын негизинде ишке ашат». Ошол эле учурда биринчи жана акыркы курстарда студенттерди которуу жүргүзүлбөйт.

Анткен менен Кыргызстандын жарандарын чет элдик ЖОЖдордон атамекендик ЖОЖдорго которуу ЖРТны талап кылбайт.

МУКта эмне дешет?

«Кыргызстандын эл аралык университети» Академикалык консорциумунун президенти Асылбек Айдаралиев «ПолитКлиникага» аталган схема боюнча кабары жоктугун билдирген.

«Казак университети жок бизде. Биз экзаменди албайбыз, алар алат. Мен бул тууралуу билбейм, бул боюнча Айнура Адиевага кайрылгыла», — деди ал.

МУКтун ректору Айнура Адиева университет Казакстан академиясы менен казматташпарын билдирди. Ал бул ЖОЖ кимге караштуу экенин да билберин айтты.

МУКтун Укуктук камсыздоо жана инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча проректору Сейтек Асанов университет Бургас эркин университети менен келишим түзүп, ошол келишимдин негизинде «франшиза» аркылуу студенттерди Бургас эркин университетине кабыл алышарын айтты.

«Биз, Кыргыз Эл аралык окуу жайы “Эки диплом” деген программалардын негизинде иштешебиз. Биздин студенттерди эки жыл Кыргызстанда, эки жыл чет өлкөдө окутабыз. Түркия, Польша, Италия, Болгария жана башка көптөгөн шаарларда өнөктөштөрүбүз бар», — деди Асанов.

Ал студенттер ЖРТнын жыйынтыктары жок эле Бургас эркин университетине кабыл алынып жатканын, бирок кийин МУКка которулбаганын ырастады.

«Студенттер окуу жайга кабыл алынгандан кийин каражаттары болсо Болгарияга барып, каражаты жок болсо Кыргызстанда эле окушат. Окууну аяктагандан кийин Болгариянын болгар тилинде жазылган дипломун алып чыгышат. КР МУКтун дипломун алышпайт», — дейт проректор.

Ал эми МУК эмгек жана социалдык мамилелер казак академиясы менен кызматташарын тастыктаган да, жокко чыгарган да жок.