«Айына 5 миң сомго жашоо мүмкүн эмес». Почточулар айлыктарын көбөйтүүнү талап кылышты

Бишкекте 11-ноябрда «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери митингге чыкты. 50гө чукул адам башкы почта кеңсесинин алдына келип, айлыктарын 50%га көбөйтүүнү жана убадаланган сыйакыны төлөп берүүнү талап кылышты.

«Ай сайын берилген премияны төлөбөй жатышат, план жок жана акча жок дешип. Акча кайда? Биздин жумуш токтогон жок да. Биз пандемия учурунда да иштейбиз», — дешет нааразылыкка чыккандар.

Алардын айтымында, «Кыргыз почтасынын» сорттоо кызматкерлеринин айлыгы 7 миң 500 сом, ал эми почточулардыкы — 5 миң 700 сомду түзөт.

«Азыр бул акчага ким жашай алат? Балдарыбыз бар, аларды кийинтиш керек. Айлыктын бардыгы балага куртка жана спорт шымын алып берүүгө кетти», — дешет митингчилер.

Сүрөт: 24.kg

Талаптар аткарылбай турган болсо мамишкананын кызматкерлери президенттин милдетин аткаруучу Саыр Жапаровго кайрылып, «Кыргыз почтасын» жоюуну суранышмакчы.

Бишкектин көчөлөрүндө бүгүн дароо 6 митинг өтүүдө. Почта кызматкерлеринен сырткары, «Караван» соода борборунун соодагерлери, электриктер, «Акнеттин» кызматкерлери жана гепатит менен ооругандар митинг кылышууда.

Башкы сүрөт: 24.kg