Жапаров ШКУнун жыйынында: «Өлкөдө бийликти өткөрүп берүү тынч жана мыйзамдуу болду»

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы 10-ноябрда өлкө башчысынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышканын кабарлады. ШКУ саммити видеоконференция форматында Орусиянын төрагалыгы астында өттү.

Президенттин милдетин аткаруучу мамлекет башчылары менен Кыргызстандагы кырдаал жана өз ара кызматташтык жөнүндө сүйлөштү.

«Бийликти өткөрүп берүү, мыйзамдарга ылайык, тынчтык жолу менен болду»

Жапаров Кыргызстандагы саясий абал тууралуу айтып, бийлик «аракеттеги мыйзамдарга ылайык, тынчтык жолу менен» өткөрүлүп берилгенин белгиледи.

«Учурда Кыргызстанда кырдаал туруктуу — бийликтин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми аткаруу бийлик органдары бүгүнкү күндө штаттык режимде ишин улантып жататат. ШКУга мүчө-мамлекеттерге өлкө үчүн, эл үчүн кыйын болуп жаткан ошол күндөрдө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирем», — деди Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу коомдо туруктуулукту бекемдөөгө, экономиканы өнүктүрүүгө жана коронавирустун пандемиясы менен күрөшүүгө бардык аракетин жумшаарын белгиледи.

Ошол эле мезгилде, юристтер жана жарандык коом парламент депутаттарынын 2020-жылдын октябрь айында кабыл алган чечимдеринин көпчүлүгү конституцияга жат экенин билдиришүүдө. Мында кеп парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу жана Жапаров демилгелеген конституциялык реформа өткөрүү жөнүндө болууда.

Мындан тышкары, Жапаров тарапташтарынын депутаттардын жана мамлекет башчысы болуп турган Сооронбай Жээнбековдун дарегине болгон коркутууларынын шартында премьер-министрлик да, президенттин милдетин аткаруучулук кызматты да ээлеп калган.

Айрым депутаттар аларга коркутуулар болгонун айтып чыгышкан, ал эми Сооронбай Жээнбековду Жапаровдун тарапташтары мамлекеттик резиденцияны талкалоо менен коркутушкан. Жогорку Кеңештин экс-спикери Канатбек Исаевге да коркутуулар болуп турган, митингчилер анын үйүн өрттүгүсү келген. Кыскасы, өлкөдө митингдер Жапаров президенттик ыйгарым укуктарга ээ болгондон кийин гана аяктаган.

Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингдердин шарданы менен бийликке келген. Анда Ак үйдү митингчилер басып алып, Жапаров баштаган бир катар саясатчылар колониядан бошотулган. Башка күчтөр кызмат талашуу менен алышып жатканда Жапаров тарапташтары менен чукул аралыкта парламент депутаттарын чогултуп, аларды керектүү делген өзгөртүүлөрдү кабыл алдырууга үлгүргөн.