Финпол коррупцияга шектеп Райондор аралык сотунун судьясын кармады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) коррупцияга шектелип Бишкектин Райондор аралык сотунун судьясы кармалганын кабарлады.

Финполдун маалыматына ылайык, 2016-жылы схема түзүлүп, анын жардамы менен сот чечимдери жасалмаланып турган. Бул чечимдердин жардамы менен бозгун президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге байланыштуу адамдарга таандык болгон мүлктөр камактан мыйзамсыз чыгарылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, схемага Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери, президенттик аппараттын кызмат адамдары, сот системасынын кызматкерлери жана судьялары аралашкан.

Бул факт боюнча финпол «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ал эми 11-ноябрда мекеменин кызматкерлери Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча судьясы менен калаанын Райондор аралык сотунун судьясы кармалган.