Ошто Эрмат Исмаилов Кара-Суунун акими болушун талап кылышты, ал жер сатууга айыпталган

Ош облустук администрациянын алдында 12-ноябрда ондогон киши чогулуп, Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эрмат Исмаиловдун Кара-Сууга аким болушун талап кылып жатышат.

Аларды өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлүнүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабыл алып талаптарын угушту. Ошондой эле талаптарын облус башчы Жарасул Абдураимовго жеткирүүнү убадалашты.

«Папан айыл өкмөтүндө 10 жыл айыл өкмөт болуп иштеди. Мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Биздин айыл өкмөтүбүздүн көчөлөрү асфальт, мектептерибиз эки кабаттуу, футбол аянтчаларыбыз бар, заңкайган мечиттерибиз бар. Ошонун баары Исмаиловдун салымы», — деди тургундардын бири.

Чогулгандардын айтымында, Исмаиловдун талапкерлигин Бишкекте карап жатышат. Алар айылдаштары аким катары бекитилмейинче тарашпай турганын белгилешти.

Чогулгандардын арасында Эрмат Исмаиловдун бир туугандары да бар.

«Бир тууган иним болот. Папан элине жакшы эле кызмат кылган. Эми аким болуп келем десе төрт аял каршы чыгып жатыптыр. Талаптарыбызды угушту, эми жообун күтүп жатабыз», — деди анын эжеси.

Исмаилов «Клоопко» 11-ноябрда Кара-Суунун акими болгусу келип жатканын тастыктаган. Ошондой эле маселе бир нече күндө чечилет деп ишендирген.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбековна Исмаилов «аким болуп келет» деген маалыматты жалган деп атаган. Ошондой эле ошол эле күнү Папандын бир нече тургуну келип «Исмаиловдун талапкердигин колдобой турушканын, ал аким болуп келсе митингге чыгышарын айтты» деген.

«Мыйзамсыз жер саткан» мурдагы айыл өкмөт башчы

Эрмат Исмаиловго 2018-жылы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы менен кошо «мыйзамсыз жер сатуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Анда ал «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага алган эмес.

Буга байланыштуу бир жыл мурда Папандын тургундары Кара-Суу райондук администрациянын алдына нараазычылык билдирип чогулушкан – алар соттолгон айыл өкмөт башчысын кызмат ордуна кайтарган мурдагы аким Тилек Матраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

Ошондой эле, айыл өкмөт башчысынын соттолгондон кийин да кызмат ордунда калганына нараазы болушкан.

Исмаилов коомчулукта мурдагы аким Тилек Матраимовдун «жакын кишилеринин бири» деп айтылып келет.

Ал эми үстүбүздөгу жылдын сентябрында Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары аталган мурдагы айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдыкеримов менен Эрмат Исмаиловдун «мыйзамсыз иштерине» нараазы болушуп, алардын үстүнөн арызданышкан.

Алар мурдагы аткаминерлер аларга бөлүп берилген жерлерди тартып алып жатканын айтышып, алардын «рэкеттери» үйлөрдү бузуп жатканына даттанышкан — соцтармактарга бул тууралуу тасма тарап, анда төрт экскаватор бир нече үйлөрдүн фундаменттерин жана дубалдарын талкалап жатканын көрүүгө болгон.

Ал эми мурдараак аталган айылдын тургуну Сүйүмкан Абитова мурдагы аткаминерлердин кишилери аны сабап кеткенине даттанган. Мындан улам ишти криминалдык милициянын Аймактар аралык башкармалыгы тергеп баштаган. Ошондой эле окуяга Исмаиловдун катыштыгы бар-жогу такталаары айтылган.

Мурдагы аким

Райондун буга чейинки акими Тилек Матраимов 5-октябрдагы толкундоолордон кийин ыйгарым укуктарын өткөрүп бергени айтылган.

Ошондой эле башаламандыктар учурунда тургундар администрацияга бастырып киришип, өздөрүнө «жаңы аким катары жеке ишкер Руслан Маматовду» дайындашкан. Бирок абал турукташкандан бери анын милдетин орун басары аткарып жатат.

*Башаламандык учурундагы дайындоолор расмий саналган эмес.

Ошол эле күнү ал Өзбекстан аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылганда чек арадан кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген.

9-октябрда Ош шаардык соту Тилек Матраимовдун кармалышын мыйзамдуу деп таап, бир айга УКМКнын Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизген. Бирок сот 15-октябрда Тилек Матраимовду үй камагына коё берген.

Көп өтпөй Тилек Матраимовдун Кара-Суу районунун администрация башчылыгына кайтып келди деген маалымат тараган. Бирок бул маалыматты агасы депутат Искендер Матраимов төгүндөгөн. Ошондой эле, Искендер Матраимов инисинен эки тараптуу пневмония аныкталып, дарыланып жатканын айткан.

Аталган район кыргыз саясаты үчүн абдан маанилүү — анда 440 миңден ашуун адам жашайт. Бул Талас жана Нарын облусунун калкынын санын да көп. Матраимов бул районду сегиз жылдан бери жетектеп келген.