Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандан кармалды

Тилек Матраимов

7-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана анын уулу кармалды. Учурда Өзбекстан аларды Кыргызстанга өткөрүп берүү маселесин карап жатат.

Матраимов менен кошо бир нече туугандары да болгонун «Кактус Медиа» басылмасы кабарлады. Кармалгандардын арасында ЖК депутаты Искендер Матраимовдун да уулу болушу мүмкүн деп болжошууда.

Ошондой эле, аталган басылмада Матраимовдор кыргыз-өзбек чек арасын дарыя аркылуу мыйзамсыз кесип өтүү аракетин көрүп жатканда өзбекстандык чек ара кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы маалымдалат.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстанда таасирдүү деп эсептелет. Алардын арасынан эң эле белгилүүсү бул — бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Ал эми Тилек Матраимов анын иниси. Ал Кара-Суу районун 2012-жылдан тарта башкарып келген.

Тилек Матраимов 24-сентябрда ден соолугуна байланыштуу бир айлык эмгек өргүүсүн алгандыгы белгилүү.

6-октябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тургундар чогулган. Алар акимдин кетишин талап кылып, имаратка кирип барышкан. Жыйынтыгында акимдин убактылуу милдетин аткаруучу Руслан Маматов болгондугу кабарланган.

Маматов Тилек Матраимов менен телефон аркылуу байланышуу аракетинен майнап чыкпаганын айткан. Ал эми мурунку бажы кызматкери, Кыргызстандагы коррупциялык схемалардын фигуранты Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Өзбекстанга чыгып кеткенин билдирген.

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразычылык митинги

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташкан.

6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да орун алган. Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле, өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарын тапшырган.

6-октябрда «Бир Бол» партиясынын лидери, мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурордун убактылуу милдетин аткаруучусу болуп дайындалгынын «24.kg» басылмасына билдирген.

Ошондой эле ал парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча иш ачыларын жана мурдагы бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек, Искендер жана Тилек Матраимовдорго карата да кылымыш иши козголоорун белгилеген. Бирок, Шыкмаматов Матраимовдорго карата Кылымыш-жаза кодексинин кайсы беренелери менен айып тагылаарын айта алган эмес. Бирок кийин Шыкмаматов ал эч кандай башкы прокурор болбогонун айтып, ал Башкы прокуратуранын имаратына башкы прокурор жана анын орун басарлары менен сүйлөшкөнү гана барганын кабарлаган.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн.

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.