Садыр Жапаров илимдер академиясын жаңыртууга 300 млн сом бөлүнөрүн убадалады

Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз кызматы маалымдагандай, Садыр Жапаров Кыргыз улуттук илимдер академиясынын техникалык базасын жаңыртууга бюджеттен сырткаркы булактардан 300 млн сом бөлүнөрүн убадалады.

Жапаров 11-ноябрда илимдер академиясына барып, Кыргызстандын окумуштууларын Илим күнү менен куттуктап, энчилүү саат жана ардак грамоталарды тапшырды.

«Учурда мамлекетибиз илимдин жардамына абдан муктаж болуп тургандыгын баса белгилеп айткым келет. Өлкөнүн өнүгүү жолуна, келечегине – илим менен мамлекеттин биримдиги аркылуу гана жете алабыз деп ойлойбуз. Анткени илим экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүдө, адам ресурстарын пайдаланууда бир кадам алдыга жүрүшү керек. Алдыңкы мамлекеттердин баарында илим абдан өнүккөн. Мамлекетте кайсы бир көйгөй илимге тапшырма берүү менен чечилиши керек», — деди Садыр Жапаров.

Илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев техника-жабдуу базасын жаңыртууга каражат жетишсиз болуп жатканын айтып берди.

«Акыркы 16 жылдын ичинде өлкөнүн бир дагы президенти жана бир дагы премьер-министри улуттук академияга келген эмес. Сиздин бул келишиңиз илимге жана окумуштуулардын эмгектерине болгон мамиленин өзгөрүшүнүн белгиси болоруна жана мындан ары оң натыйжаларды алып келерине ишеним артабыз», — деп айтты Жуматаев Жапаровго кайрылып.

2019-жылы Улуттук илимдер академиясы үчүн өлкөнүн бюджетинен 354 млн сом бөлүнгөн. 2020-жылы Каржы министрлиги академияга 382 млн сом бөлүүнү пландаган эле, бирок коронавирус пандемиясынан жана саясий окуялардан улам пайда болгон экономикалык кризиске байланыштуу бул сумма азайышы мүмкүн.

2017-жылы Илимдер академиясы беш жылдык ишин жыйынтыктап жатып Кыргызстанда илимди каржылоо ИДПдан болгону 0,08%ды түзөрүн, ал эми илимий-изилдөө институттардын жабдуу базасы акыркы 25 жылдан бери жаңыртылбаганын билдиришкен.