АКШ Кыргызстанга парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү үчүн акча бөлөт

Бишкектеги АКШнын элчилиги Кыргызстанга 2021-жылы өтө турган кезексиз президенттик жана кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого финансылык жардам көрсөтөт деп билдирди.

Кыргызстанга жардам АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу көрсөтүлөт.

«Бул каражаттар Кыргыз Республикасына кенен колдоо көрсөтөт, анткени алар эрежелерге, шайлоо реформаларына жана көзөмөлгө негизделген, анын ичинде Европадагы Коопсузду жана Кызматташтык Уюумунун (ЕККУнун) акыркы байкоочулар миссиясы сунуш кылган өзгөртүүлөрдү камтыйт», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстан ала турган каражаттын суммасы азырынча белгисиз.

АКШ элчилигинен бул каражаттар, Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) демократиялык стандарттарды жана Кыргызстандын мыйзамдарын туу тутуп, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүдө колдоо көрсөтүүгө багытталат деп белгилешти.

«АКШ Кыргызстанда саясий туруктуулукка жана экономикалык гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө түзө турган ачык-айкын демократиялык башкаруунун, жандуу жарандык коомдун жана таза шайлоонун жаңы доору келет деп күтөт», — деп кошумчалашты АКШ элчилигинен.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан соң башталган саясий кризистин шартында өлкө шайлоолорду өткөрүү үчүн жигердүү каражат издей баштаган.

Кезексиз президенттик жана парламенттик кайра шайлоо өткөрүүдөн тышкары, Кыргызстанда конституциялык реформа да жүргүзүлөт. Бул иш-чаралар үчүн өлкөгө жүз миллиондогон каражат керектелет.

Өлкө бийлиги шайлоо өткөрүү үчүн жардам сурап Евробиримдикке жана Швейцарияга кайрылган болчу.

БШКнын аныкталган чыгымдар сметасына ылайык, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү үчүн 549 млн сом сарптоо пландалууда. Ошол эле учурда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоолорду каржылоо үчүн донорлорду тартууга аракет кылаарын билдирген.

Келерки шайлоодон тышкары өлкөдө коронавирус маселеси дагы деле курч бойдон турат. Күн сайын Республикалык штаб оору жуктургандардын саны 500дөн ашып, бир нече бейтап каза таап жатканын кабарлоодо.