Дин иштери боюнча мамкомиссиянын башчысы болуп Жапаровдун мурдагы адвокаты дайындалды

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы башчысы болуп Акин Токталиев дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызмат билдиргендей, Токталиев 13-ноябрь күнү жамаатка тааныштырылды. Буга чейин мамкомиссияны Зайырбек Эргешев жетектеп келген.

Акин Токталиев —президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун, депутат Талант Мамытовдун жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин мурдагы жактоочусу. Ал 2012-жылы бийликти күч менен басып алуу иши боюнча сотто үч аткаминердин кызыкчылыгын коргоп жүргөн.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр кызматына келгенден бери Кыргызстанда күн сайын жаңы дайындоолор тууралуу белгилүү болууда.

Мисалы, аткаминер министрлер кабинетин толугу менен жаңылап, үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиевди УКМКнын жетекчилигине бекитти. Ташиев менен Жапаров «Мекенчил» партиясын бирге түптөгөн. Бул партия быйыл алгачкы жолу парламенттик шайлоого катышты.

Жапаров алты облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштырды, алардын экөө — Абсаттар Сыргабаев жана Сабыркул Ашимбаев, булар Ташиев сыяктуу эле «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү.