Ошто мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков эскерилди

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында 13-ноябрда мурдагы билим берүү министри, профессор Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, университеттин жамааты жана студенттер катышты. Исаков кичи мекени Ноокат районунун Кызыл-Тейит айлында жерге берилет.

Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров Исаковдун иштерин улап кете турган артында көптөгөн шакирттери калганын айтты.

«Кудай буюруса ошол тарбиялаган шакирттери, ушул келечекте агайдай күчтүү инсан болуп тарбияланып чыгат деген терең ишеничибиз бар. Ошондуктан мен ушул Каныбек агайыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, жалпы жамаатка, жалпы кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деди Зулпукаров.

Исаков 12-ноябрда көз жумду. Ал 51 жашта болчу. Маркум эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, Бишкектеги республикалык ооруканада дарыланып жаткан.

Ал 2019-жылдын сентябрында билим берүү жана илим министри болуп дайындалган болчу. Бийлик алмашкандан кийин президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Исаковду кызматтан 14-октябрда алган. Ага чейин ал Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп турган. ОшМУну сегиз жыл жетектеди.

Каныбек Исаков 1969-жылы Ош облусунун Жаңы-Ноокат айылында туулган. 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин Филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле жылы аталган факультеттин тил илимдер кафедрасына окутуучулук кызматына кабыл алынган.

Андан соң Филология факултетинин деканынын орун басары, университеттин тарбия иштери боюнча проректор, Мамлекеттик тил боюнча проректор кызматтарын аркалаган. ОшМУнун ректору болгонго чейин 2011-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык инстутитун жетектеген.

Исаков филология илимдеринин доктордук диссертациясын 2011-жылы коргоп, «Жылдын ректору» наамына татыган.Ошондой эле ал 2012-2016-жылдары КСДП фракциясынан Ош шаардык кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болгон.