COVID-19: Акыркы сутка ичинде вирус 499 адамда аныкталды, Баткен облусунда бир бейтап каза болду

Республикалык штаб акыркы сутка ичинде Баткен облусунда коронавирустан бир бейтап каза болгонун маалымдады.

Пандемия башталгандан бери COVID-19га чалдыккан жалпы 1 196 бейтап каза тапты.

Штабдын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясы 499 адамда аныкталды. Вирус жуктуруунун жаңы учурларынын эң көбү Бишкек шаарында катталды.

  • Бишкек — 108;
  • Чүй облусу — 83;
  • Жалал-Абад облусу — 70;
  • Ыссык-Көл облусу — 59;
  • Ош облусу — 52;
  • Баткен облусу — 49;
  • Ош шаары — 46;
  • Талас облусу — 20;
  • Нарын облусу — 12.

Жалпысынан, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 65 953 учуру катталды.

Акыркы сутка ичинде өлкөдө 540 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Пандемия башталгандан бери республика боюнча коронавирустан жалпы 56 847 бейтап айыккан.

COVID-19га чалдыккандардын 16сы — медицина кызматкерлери. Алардын ичинен төрттөн медик Жалал-Абад жана Баткен облустарында, экиден Талас жана Чүй облустарында катталды. Бишкекте коронавируска үч медик кабылды, дагы бирөө Ысык-Көл облусунда.

Акыркы сутка ичинде стационарлардан жана үй карантининен 10 медицина кызматкери чыгарылды. Өлкө боюнча COVID-19 жалпы 3 693 медикте аныкталган, алардын ичинен 3 483ү айыккан.