Бишкек: Октябрь районунун акими санитардык талаптар сакталбаганы үчүн концертти токтотту

13-ноябрда пандемия учурунда адам көп чогулгандыгынан улам Бишкек шаарындагы «Асанбай Борборунда» өтүп жаткан концерт токтотулду.

Концертти токтотуу үчүн сахнага Октябрь районунун акими Константин Куценко чыгып, «иш-чара макулдашылбаганын» билдирген.

Видеону «Сейчас КГ» телеграм каналы жарыялаган.

Ал эми концертке чогулгандар нааразы бойдон калган.

Концерттин токтотулушуна вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева да реакция жасады. Ал фейсбук барагында медиктердин жана ыктыярчылардын атынан Куценкого ыраазычылык билдирди.

«1,5 млн калкка — оорукана, тагыраагы врачтар, сасык тумоонун сезонунда, койкалар массалык толуп атканда — жөн гана жетпей калат», — деп жазган ал.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, пандемиянын башынан бери Кыргызстанда COVID-19 жуктуруунун 66 983 учуру катталды. Алардын ичинен 57 760 бейтап оорудан айыккан. Пандемия маалында өлкө боюнча коронавируска жана ооруканадан тышкаркы пневмонияга кабылган 1 203 бейтап каза болду.