Акыркы суткада коронавирустун жаңы 479 учуру катталды — анын 169у Бишкек шаарында

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 16-ноябрда коронавирустун жаңы 479 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 169;

Чүй облусу — 77;

Жалал-Абад облусу — 64;

Баткен облусу — 45;

Ысык-Көл — 59;

Ош облусу — 15;

Ош шаары — 26;

Талас облусу — 23;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 66 983кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 293.

Ошондой эле, акыркы суткада 439 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 104, Жалал-Абад облусунда — 83, Ош облусунда — 39, Ош шаарында — 17, Баткен облусунда — 84, Чүй облусунда — 53, Ысык-Көл облусунда — 42, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 15 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 57 760 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 279 бейтап, ал эми үй шартында 4 043 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан жана Талас облусунан — экиден бейтап COVID-19ду жуктуруп каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 203 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.