Молдова: Президенттик шайлоодо Майя Санду жеңди

Молдовада президенттик кызмат үчүн добуш берүүнүн экинчи туру өттү. Эсептелген добуштарга ылайык, шайлоо кампаниясында «батышчыл» идеяларды сүрөп жаткан экс-премьер-министр Майя Санду жеңүүдө. Ал 1-ноябрдагы шайлоонун 1-турунда да учурдагы «орусиячыл» президент Игорь Додонду артка калтырган.

Молдованын БШКсынын маалыматына ылайык, 48 жаштагы талапкер үчүн шайлоочулардын 57,75% добуштарын берген, ал эми Додон үчүн 42,25%. Учурда бардык добуштардын 100% эсептелинди.

Коронавирустун эпидемиясына карабастан экинчи турда добуш берүүгө келген шайлоочулардын саны биринчи турдагыга салыштырмалуу көп катталган: 1 млн 650 миң добуш, ал эми биринчи турда шайлоочулардын саны 1 млн 200 миң адамды түзгөн.

BBCнин орус кызматынын маалыматына ылайык, Сандунун пайдасына Молдованын ири шаарлары, жаштар жана Европа өлкөлөрүндөгү ири диаспоралар добуштарын берген. Ал эми учурдагы президент үчүн добуштарын айыл аймактары жана Орусиядагы мекендештер берген.

Майя Санду деген ким?

Санду билими боюнча экономист, Гарвард универститетинде окуган, ал Вашингтондо Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорунун кеңешчиси да болуп иштеген.

2019-жылдын июнунан ноябрына чейин Молдованын өкмөтүн жетектеген, ал эми 2012-2015-жылдары Билим берүү, маданият жана изилдөө министрлигин башкарган.

2016-жылы Санду өзүнүн батышчыл «Аракет жана тилектештик» партиясынын лидери болуп дайындалган. Саясий бирикме Молдованын Батыш өлкөлөрү менен жакындоосун, евроинтеграция, найтыжалуу билим берүү системасы жана коррупцияга каршы катуу күрөшүү идеясын сүрөп жатат.

2019-жылы Молдова Республикасынын Социалисттер Партиясы, бул партияга мурда Додон да мүчө болгон, Санду баштаган министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө вотумун демилгелеген. Расмий себеби катары өкмөттүн ишине нааразылык болгон деп айтылууда.

Ошол эле кезде BBCнин орус кызматы Санду баштаган министрлер кабинетинин оставкасына байланыштуу дагы эки себепти айтууда: Молдованын таасирлүү бозгун олигархы Владимир Плахотнюк менен Додондун социалисттеринин ортосунда жең ичинен сүйлөшүүгө баруу байланышы, андан тышкары, Сандунун Молдова үчүн «ашкере батышчылдыгы».

Молдованын президенттиги үчүн добуш берүүнүн биринчи турунда 8 талапкер ат салышкан. Бирок добуштардын эсебинин жыйынтыгында Санду менен Додон эң эле көп добуш алган. Санду — 36,16%, Додон — 32,61%.

Экинчи тур жарыялангандан кийин Сандунун талапкерлигин бул өнөктүккө катышкан анын экс-атаандаштары, анын ичинде Румыниянын президенти Клаус Йоханнис да колдоого алган. Ошол эле кезде экс-атаандаштардын бири да Додонду колдоп чыккан эмес.

Бул Додон менен Сандунун президенттик шайлоодогу алгачкы тиреши эмес. Алар 2016-жылы да добуш берүүнүн экинчи туруна өтүшкөн, бирок анда учурдагы президент жеңишке жеткен.