Президенттик аппарат: Пенсия 65%га көтөрүлөт деген маалымат жалган

Сүрөт: Социалдык фонд

Социалдык тармактарда 2020-жылдын 1-декабрынан пенсиянын көлөмү 65%га көбөйтүлөт деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин соцтармакатрдын айрым колдонуучулары мурдагы президенттин милдетин аткаруучу жана экс-премьер-министр Садыр Жапаров пенсияны 65%га — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат таркаткан.

Ал эми расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Бул үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат.