2020-жылдын тогуз айында пневмониядан каза тапкандардын саны 2,5 эсе өстү — Улуттук статком

Улуттук статкомдун басма сөз кызматы Кыргызстанда 2020-жылдын январынан сентябрь айына чейин пневмониядан каза тапкандардын саны өткөн жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу 2,5 эсе өскөнүн кабарлады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын январынан сентябрына чейин пневмония менен ооруган 24 миң адам катталган, ал эми 2020-жылы ушул эле убакыт аралыгында 26 миң адам катталган. Пневмонияга чалдыккандардын көбү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда аныкталган.

Ошондой эле Улуттук статистика комитети, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында пневмониядан 444 адам көз жумганы тууралуу маалымат берди. Бул өпкө ооруларынан каза тапкандардын 33 пайызы. Ал эми каза тапкандардын саны 2020-жылы 1 112 адамды же 54% ды түзөт.

Мындан тышкары, 2019-жылы 100 миң калкка пневмониядан каза тапкандардын 9у туура келчү, ал эми 2020-жылы бул сан 23кө өскөн. Бул 2,5 эсе көп.

2020-жылдын жаз айларында Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ал убакыттан бери өлкө боюнча коронавирустан, анын ичинде пневмониядан 1 207 адам көз жумган.

Бирок статистиканы кайра карап чыгууда саламаттык сактоо министрлиги 400гө чукул көз жумган учурду бейтаптарда коронавирустан тышкары башка коштомо, көбүнчө жүрөк оорулары болгондугу үчүн жокко чыгарган. ДССУнун эрежесине ылайык, бул учурлар сатистикалык маалыматта камтылышы керек. Анткени коронавирус организмди алсыратпаса, бул адамдар өнөкөт ооруларынан көз жуммак эмес.

17-ноябрга карата Кыргызстанда коронавируска кабылган төрт бейтап каза болду. Мындан тышкары, вирус 486 адамда аныкталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө вирус жуктуруунун 67 469 учуру катталды.