Каржы министрлиги: Матраимов мамлекеттин атайын эсебине дээрлик 500 млн сом которду

Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекеттин атайын эсебине 493 млн сом которду. Бул тууралуу Каржы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Жамиля Кадырова Vesti.kg басылмасына билдирди.

Кадырованын айтымында, ведомство экс-бажычыдан келип түшкөн каражатты күн сайын көзөмөлдөп жатат.

«Каржы министрлиги мындан аркы которуулардын мөөнөтү жөнүндө комментарий бере албайт. Бул укук коргоо органдарынын компетенциясы», — деди Кадырова.

Кадырова мамлекеттин атайын эсебине жалпысынан 494,8 млн сом түшкөнүн белгиледи.

Атайын эсеп ведомство тарабынан президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун буйругу боюнча октябрда ачылган — анда Жапаров өкмөт башчылык кызматта иштеп турган.

Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, коорупционерлерге, мурдагы жана азыркы аткаминерлерге, ведомство жетекчилерине, бажы кызматкерлерине, финансисттерге жана салык төлөөдөн качып жүргөн ишкерлерге 30 күн убакыт берип, өз эрки менен мыйзамсыз топтогон каражаттарын мамлекеттик казынага кайтарып берүүгө чакырган.

Матраимов жана 2 млрд сом

Райымбек Матраимов — бажы башчысынын мурдагы орун басары жана «Клооп», «Азаттык», OCCRPнин Кыргызстандан 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кетүү тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөнүн фигуранты.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында, ал убакта Жапаров мамлекет башчысынын милдетин аткарып турган, Матраимовду бошотуп жатканда саясий чечим кабыл алганын түшүндүргөн.

Анын айтымында, ал чечим чыгарууда дүйнөлүк тажрыйбага таянып, эгер Матраимов акчанын бир бөлүгүн кайтарып берсе, анда ал мамлекетке пайда келтирген болот деп ойлогон.

«Матраимовдун иши сотко өткөн жок. Ал уурдаган ачаны мамлекеттин бюджетине кайтарып берсин деп, мен саясий чечим кабыл алдым. 30 жыл ичинде көптөрдү камадык, бирөөсү дагы өлкөгө уурдаганын кайтарып берген жок. Мисалы, Атамбаевдин канчалаган адамдары камакка алынды, бирөөсү акчаны ордуна койдубу? Камакка алуудан өлкөгө пайда келбейт, акчаларды артка кайтаруу керек. Бул дүйнөлүк практикада дагы бар? », — деп айткан Жапаров.

Ал УКМК кызматкерлери экс-бажычыны камакка алууга даяр болуп калганын, бирок үзөңгүлөшү, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин чечим кабыл алганын белгилеген.

«Ошондо мен саясий чечим кабыл алып УКМКнын башчысынын сурандым, “муну камап койгон менен эмне пайда” дедик. Бизде 6-7 саат ошондой жыйын өттү. Өзү дагы [Райымбек Матраимов] ачыгын айтты, “мени камап койгон менен эч нерсе келбейт, андан көрө мамлекеттен алганымды, же болбосо мыйзамсыз байыган мүлктөрдүн, акчанын барын Кыргызстанга кайра алып келип киргизип берейин” деп сурангандан кийин ушундай саясий чечим кабыл алдык», — деген Жапаров.