Адвокат: Атамбаевдин жактоочусу менен сүйлөшкөнүн тыңшап, анын укугун бузушту

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевдин УКМКнын тергөө абагынан дагы бир жактоочусу Сергей Слесарев менен болгон сүйлөшүүсү тартылган дискти ага белгисиз жаран бергенин маалымдады.

Ал ошондой эле, дискти берген киши аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону сурангынан билдирди.

Жоошев ага видеону берген киши аны 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Ак үй басып алынганда президенттин иш бөлмөсүнөн таап алганын айткан. Анын сыртында «АША - Слесарев - 42 минуты» деп жазылган.

«Мен эми Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен табылган деп так айта албайм. Бирок менин булагым ошол жерден алганын түшүндүрдү. Ага ишенбегенге менде негиз жок. Себеби ал катардагы эле жаран жана бул дискти башка жактан алууга мүмкүнчүлүгү жок эле деп ойлойм», — деген пикирин ал «Клоопко» билдирди.

Адвокат УКМКнын тергөө абагындагы жактоочу менен айыпталуучунун сүйлөшүүлөрүн жаздырып алуу мыйзам бузуу болуп саналарын айтып, Башкы прокуратурага бүгүн арыз жаза турганын билдирди.

«Биздин мисалды ала турган болсок тыңшоо иштери кызмат адамдары тарабынан жасалып жатат. Ошондуктан Кылмыш жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык иш козголуп жоопко тартылышы керек. УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан биздин конституциялык укугубуз, купуялык шартында юридикалык кызмат көрсөтүү, юридикалык кызмат алуу укуктары одоно түрдө бузулду», — деди ал.

Жоошев УКМКнын тергөө абагында буга чейин эле камера болуп келгенин, бирок алар айыпталуучу менен ага жолугуу үчүн келгендердин кыймыл аракетин көзөмөлдөө үчүн гана коюлганын, «үндү жазбайт» деп ишендирип келишкенине токтолду.

«Мыйзамда тыңшаганга түздөн-түз тыюу салынат. Биз [УКМК] тыңшабайбыз деп жазып коюшкан, бирок тыңшалат экен. Анын далилин колго алдык, эми муну танганга, андай кылган эмеспиз дегенге аларда мүмкүнчүлүк жок», — деди Жоошев.

42 мүнөттүк видеодо эмнелер айтылган?

Замир Жоошев 42 мүнөттүк видеодо Атамбаев менен Слесаревдын пневмония оорусун кандай өткөрүшкөнү тууралуу сүйлөшкөнү жазылганына токтолду. Андан сырткары сот иштери үчүн купуя сырды түзгөн кадамдар боюнча сөз болгонун белгиледи.

«Жактоочу менен айыпталган адамдын ортосундагы сот иштери боюнча мындан ары кандай аракеттер, эмне иштер болорун талкуулашкан. Муну билген УКМК сотко, же прокурорго, тергөөчүгө ал маалыматты берип, жактоо тарапка зыян келтиргенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн», — деди ал.

Ошондой эле, үй-бүлөлүк жеке маселелер талкууланганын кошумчалап, ошондуктан «бул маалыматтар Сооронбай Жээнбековго кызыктуу деп туруп беришсе керек» деди ал.

Атамбаевдин камалышы

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Атамбаевди Батукаевдин эркиндикке чыгарылганына байланыштуу иш боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок ал үчөөндө тең баруудан баш тарткан.

Андыктан август айынын башында күч түзүмдөрү Атамбаев кармаган. Алар мурдагы президенттин Кой-Таштагы резиденциясын эки күн штурмга алышкан. Атайын операция учурунда спецназдын бир жоокери каза болгон.

Атамбаев мындан тышкары быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн да айыпталууда. Мурдагы президент буга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалып, кийин №47 абакка которулган.