Жапаров: Конституциянын жаңы долбоорунда депутаттардын саны 90 болот

Президенттин милдитен аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоорунда депутаттардын санын 90 кылуу каралып жатканын маалымат жыйында айтты.

Ал ошондой эле, депутаттардын бир бөлүгү бир мандаттуу система менен , экинчи бөлүгү партиялык система менен шайланарын белгиледи.

«Бир мандаттуу деген элдин талабы, менин талабым эмес. Бирок биз бардык жактын, бардык саясий күчтөрдүн, саясатчылардын талаптарын камтып кетип жатабыз. Мага берген маалымат боюнча партиялык дагы болот. Азыр долбоордо 35и бир мандаттуу округдан болсо, 55 оруну партиялар менен келсин деп сунушталууда. Ошондо 90 депутат болсун деген сунуштар бар», — деди ал.

Жапаров ошондой эле, азыр Конституциянын долбоорун өкмөттүн, президенттин аппаратынан жана көз карандысыз эксперттерден турган топ даярдап жатканын кошумчалады. Ал жакын арада парламенттин кароосуна сунушталарын белгиледи. Ал жакта талкууланып каралгандан кийин коомчулук өзү кандай Конституция керек экенин тандап аларын айтты. Ошол эле учурда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча башка экспреттердин сунуштарын дагы карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Жапаров Конституциялык реформага баруу жалгыз эле анын талабы эмес, элдин талабы дагы экенин кошумчалады. Ал 5-октябрда башталган элдик толкундоолордун чыгышына партиялык система менен бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты дагы себеп болгонун айтты.

Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жаңы Конституция кабыл алынганда диктатура орнойт деген ойдон элди алыс болууга чакырды.

«Муну мен так жана даана айтып коёюн кыргызстандыктар 30 жылда диктатураны орнотом дегендерге каршы үч революция жасаган эл. Кыргыз эли диктатурага жол бербестигин 30 жылдан бери өзүңүздөр көрдүңүздөр», — деди ал.

Буга чейин Садыр Жапаров кийинки парламенттик шайлоо бир мандаттуу система менен болушу керектигин айткан. Кийин ал премьер-министрликке дайындалган соң шайлоо кандай система менен өтүшү керектигин башка саясий күчтөр менен кеңешип чечерин билдирген.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиянын тарапташтары митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү Ак үйдү басып алышкан. Өлкөдө түзүлгөн саясий абалдан улам Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кийин БШК кайрадан парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бирок Жогорку Кеңеш Конституциялык мыйзамдардын айрым бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизүү менен парламенттик шайлоону жазга чейин белгисиз мөөнөткө жылдырган. Аны менен катар алар 6-чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктарын дээрлик 7 ай узартышкан. Анткен менен президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламенттик шайлоо 1-июнга чейин өтөт деп убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА

Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоору 10 күндө даяр болот деп ишендирди

Садыр Жапаров: Парламент бир мандаттуу болсун дегенди азырынча туура эмес көрдүм