Муфтийдин орун басары Конституциянын жаңы долбоорун оңдоону сунуштады

Кадыр Маликов

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов жаңы Конституциянын долбоору тууралуу үн катты.

«Жогорку Кеңештин дубалдарында, тар чөйрөдө иштелип чыгып, парламенттин расмий сайтына жарыяланган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору, жеке мени, диний адам катары тынсыздантат!» — дейт Маликов.

Маликов Конституциянын долбоорунда диний баалуулуктардын ролу, орду жана аларды коргоо «эске алынбаганына» тынчсызданат.

«Тилекке каршы Конституцияда, алтургай преамблуасында да Жаратуучуну атоо, биздин түпкү бабалар ишенген руханий баалуулуктар, руханий жана моралдык принциптерди коргоо үчүн орун табылган эмес. Ал эми бул өтө маанилүү да, себеп дегенде негизги көйгөй мамтүзүлүштүн моделинде эмес да, маселе адамда, коомдо, адилеттүүлүк, чынчылдык, жарандардын (анын ичинде мусулман уммасынын да) тең укуктуулугу деген түшүнүктөрдө да!» — деп билдирет муфтийдин орун басары.

Ошондуктан ал өлкөдө исламдын таасирин жогорулата турган айрым түзөтүүлөрдү сунуштап жатат.

Мисалы, Конституциянын киришмесине «Жаратуучу», «Жараткан», «ыйман» «Кудай» деген сыяктуу терминдерди киргизүү.

Маликов Конституция атеисттик болбошу үчүн андагы «светтик моделин ачып чечмелөөнү» сунуштайт.

«Светтик деген диний уюмдардын бийлик институтунун, мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүнө кийлигишпөө деген сөз», — дейт муфтийдин орун басары, бирок ошол графага мамлекет «диний, светтик жана улуттук баалуулуктар системасынын гармониялуу шартта болуусу» үчүн шарт түзүп бериши керек деп кошумчалайт.

Ошондой эле ал диний баалуулуктар «мамлекеттүүлүктү жана коомду өнүктүрүүдө адеп-ахлак баалуулуктары негизги ресурс» деп таанылышы керек деп эсептейт. Мындан тышкары, Маликов мамлекет ислам сунниттик багытын өнүктүрүү үчүн шарт түзүшү керек дейт.

Андан тышкары, Маликов саясат бардык тармактагы диний баалуулуктар менен төп келиши үчүн «кооптуу, деструктивдүү идеологиялардан коргонуу же чыпка киргизүүнү» сунуштайт.

«Эл аралык келишимдерди, жалпыга таанылган принциптерди жана эл аралык укуктун ченемдерин колдонуу шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жана анын көз карандысыздыгына коркунуч жана зыян алып келбеши керек», — деп эсептейт Маликов.

Муфтийдин орун басары бийлик «диний баалуулуктарды» коргошу, анын ичинде ой жүгүртүү жана пикир айтуу эркиндиги «атайылап динге акарат келтирүү» максатында колдонулбасы үчүн «диндин мамлекетте жана коомдогу ролун жана укуктук кепилдигин» бекемдөөсүн сунуштады. Ошондой эле Маликов оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын да киргизүүнү каалайт.

Маликов «диний ишенимдин символдоруна сый мамиле кылган» адам президентикке шайланышын жана президенттик кызматка барганда Куран жана Конституцияны кармап ант берилишин каалайт.

Жаңы Конституциянын долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоор учурдагы Конституциядан бир топ айырмаланып, өзүнө «ыймандык» деген сыяктуу так эмес аныктамаларды камтып, өлкө башчысына дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Түзөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында, президенттик шайлоо күнү өткөрүү пландалууда.