Финпол опера жана балет театрынын экс-директорун кармады

Болотбек Осмонов

Финансылык полициянын басма сөз кызматы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын экс-директору Болотбек Осмоновду кармалганын билдирди.

Осмонов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалды. Ведомствонун маалыматына ылайык, экс-директор билип туруп пайдасыз келишим түзгөн, натыйжада мамбюджетке 1 млн сомдон ашуун зыян тийген.

Осмоновдун баш коргоо чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда аныктайт.

Осмонов театр жетекчилигинен 2019-жылдын январь айында бошотулган. Бул ошол кездеги Маданият министри Азамат Жаманкулов театрдын имаратында Dota 2 компьютердик оюуну боюнча турнир өткөргөндүгү үчүн Осмоновду сынга алгандан кийин болгон.