ИИМ депутаттардын суракка чакырылганын саясат менен байланыштырбоого чакырды

ИИМ активисттер жана коомдук ишмерлерге кайрылып, айрым депутаттарды суракка чакырууну саясат жана Конституциялык реформага каршы пикири менен байланыштыруудан оолак болууга чакырган билдирүү жарыялады.

Министрликтен депутаттар 5-6-октябрда башталып, 9-октябрга чейин уланган окулардагы факттар боюнча суракка чакырылганын билдиришти.

«Айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрүн алаңгазарлык билдирүүлөрдү жасабоого жана жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдарын саясат менен байланыштырбоого чакырабыз, бул орунсуз жана туура эмес», — деп билдиришти ИИМден.

Ведомство тергөөчүлөр милиция кызматкерлерин жана коомдук ишмерлерди дагы күбө катары суракка аларын кошумчалады.

«Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени айтууга жана ачыктоого мүмкүн эмес», — деп түшүндүрөт министрлик.

Жаңы Конституция жана депутаттарды суракка алуу

Буга чейин ИИМ төрт саясатчыны күбө катары суракка чакырган — «Республика» партиясынын лидери Мирлана Жеенчороевди, «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Жанара Акаев, Эмил Токтошев жана Рыскелди Момбековду.

ИИМден алар 5-6-октябрдагы окуялар тууралуу иш боюнча күбө катары чакырылганын билдиришкен. Бирок, саясатчы Рыскелди Момбеков «Конституциянын долбооруна каршы чыккандар гана суракка чакырылып жатканын» айткан.

Ошол күнү «Ала-Тоо» аянтында болгон башка саясатчылар да сурак бердиби-жокпу азырынча белгисиз. Ошондой эле суракка 5-октябрда аянтта болгон УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жана Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев жана башка саясатчылар баштаган топ сурак берер-бербеси айтыла элек.

Ушул эле иш боюнча буга чейин БШКнын мүчөлөрүн да суракка чакыруу аракети болгон. 21-октябрда БШКнын имаратына тергөөчү келип, комиссиянын мүчөлөрүн 5-6-октябрь окуяларына байланыштуу ИИМге суракка чакырган.

Анда Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева суракка чакыруу «көз карандысыз конституциялык органдын коркутуу акты болуп саналарын» айткан.