Кыргызстанда COVID-19дун 447 жаңы учуру катталып, 505 киши илдеттен айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов, «Клооп» үчүн.

Республикалык штаб 21-ноябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 447 учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 19 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 200 (алтоосу медик);

Чүй облусу — 86 (жетөөсү медик);

Ысык-Көл облусу — 49 (төртөө медик);

Жалал-Абад облусу — 29 (бир медик);

Ош облусу — 25;

Талас облусу — 20;

Баткен облусу — 17;

Ош шаары — 16 (бир медик);

Нарын облусу — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны

69 149га жетти. Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 505 бейтап айыгып, төрт адам көз жумду. Айыккандардын арасында жети медик бар.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 113 адам. Ошондой эле Бишкек шаарында —103, Баткен облусунда — 79, Ысык-Көлдө — 59, Ош облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 53, Ош шаарында — 24, Талас облусунда — 15 жана Нарын облусунда төрт бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө коронавирустан айыккан бейтаптардын жалпы саны 60 294тү түзүп, 1227 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 074 бейтап ооруканаларда, 3 819 адам үй шартында дарыланууда.