UFC: Антонина Шевченко бразилиялык мушкер Ариана Липскини жеңип алды

Лас-Вегаста өткөн UFC 255 турниринде Антонина Шевченко бразилиялык каршылашы Ариана Липскини жеңип алды.

Мелдеш эки раундга созулду. Биринчи раундда Шевченко каршылашынын колу-бутун кайрып жана муунтуу ыкмасы менен аны утканга аракет кылды.

Экинчи раундда Шевченко атаандашы Липскини жерге басып алып, башка бир нече жолу катуу сокку урганда калыс беттешти токтотту. Ошентип Антонина Шевченко жеңишке жетти. Бул анын UFC турнириндеги үчүнчү жеңиши.

Эже-сиңди Шевченколордун улуусу UFC турниринин беттештерине катышканга чейин тай боксу боюнча дүйнөнүн бир нече ирет чемпиону болгон.