Валентина Шевченко UFC чемпиону титулун сактап калды

Кыргызстандык Валентина Шевченко калыстардын чечими менен бразилиялык Женнифер Майяны жеңип, UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпиондук титулун сактап калды.

Валентина Шевченко беттештин башында эле каршылашын партерге жыгып, үстөккө-боток соккуларды узатты. Экинчи раундда бразилиялык мушкер үстөмдүк кылууга аракет кылды. Ал Валентина Шевченкону темир торго катуу басты. Үчүнчү раундда Шевченко каршылашына бир нече таамай соккуларды узатып, ал жеңиш алып келди. Беш раунддун жыйынтыгы менен калыстар 49:46 эсебинде жеңишти Валентина Шевченкого ыйгарышты.

ТЕМА БОЮНЧА

UFC: Антонина Шевченко бразилиялык мушкер Ариана Липскини жеңип алды