Кара-Суунун тургундары эшек баккан ферманын жабылышын талап кылышты

Сүрөт: Элдияр Бакиров / Клооп

Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынын 50гө жакын тургуну 23-ноябрда аймактагы эшек баккан ферманын жабылышын талап кылып чогулушту. Тургунудар аталган чарбада эшектер союлуп, алардын эти айыл аймагында таратылып жатат деп кооптонушууда. Бирок компаниянын өкүлдөрү бул айыптоолорду четке кагышты.

«Чымын-чиркей деген нерсе айылыбызды каптады. Азыр мындай оор кырдалга байланыштуу эт кымбат, мал кымбат, базарда товар кымбат, азык-түлүк кымбат. Ошол эле учурда бизде тамак-ашка, тамактануучу жайларга, ашканага кирип жаткан эттер чындыгында тазабы? — деп суроо салды тургундардын бири Кыял Кулаев.

Көп өтпөй чогулгандарга атын атагысы келбеген киши чыгып, өзүн ферманын чарба башчысы деп тааныштырды. Анын айтымында, алар эшектерди багып, Кытайга экспорттойт. Бирок коронавирус пандемиясынан улам чек араларга четкөөлөр киргизилип, ишкана он айдан бери иштебей турат.

«Чек ара жабык. Мурда эле жиберип салат элек. Фирма банкрот болду, чөпкө да акча жок. Биз эшектерди жебейбиз, сойбойбуз, тургундар айткандай көмгөн жерибиз жок», — деп түшүндүрдү ферманын чарба башчысы.

Эшек багуучу жай «Береке Майнинг» ЖЧКсына таандык — бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири кытайлык ишкер Вэй Сянлун болуп көрсөтүлгөн.

Өткөн жылдын декабрь айында соцтармактарда аталган фермада тартылган тасма тараган. Тасманын автору бул жерде эшектер союлуп, «кыргыздын баары этинен чучук жеп жатат» деген комментарий берген.

Кийинчерээк видеодогу маалыматты текшерүү үчүн укук коргоо органдары, жергиликтүү аймактын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы, санэпидемстанция жана жергиликтүү бийликтен турган комиссия түзүлгөн. Текшерүүнүн натыйжасында аталган фермада эшектер союлуп, алардын эти таратылып жаткан фактылар тастыкталган эмес.

Ал эми тасманы тараткан кишиге бул окуя боюнча «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.